бүткүл

китептерде 105 жолу, 9 китепте
  1. Бардык, бүт, жалпы баары, бүт бардыгы, бүт бойдон.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Болор болбос чуу болсо, / Бүткүл кыргыз чачылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
- / Деп бакырып Чынаача, / Жарлык кылды калкына, / Бүткүл ооган жалпыга, / Асабанын баарысы, / Кыргызды карай кылкылдап, / Жылып келе жаткандай, / Жердин бети былкылдап, / Балбандын баарын торунан, / Баардыгын бирдей агыткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Шоркөлдөн сулуу кыз чыкты, / Бүткүл элге даңдалып, / Жашым кырктан аша элек, / Сулууну алсам экен, деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бүткүл дүйнө кылымды, / Кетүүчүдөй тебелеп! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Туура жүрүп, кадыр-баркы артып, атак-даңкы чыгып, токойдогу бүткүл жан-жаныбар, канаттууларга угулат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →