бүрүл1
- Каш карайып, көз байланган кез, үрүл-бүрүл ачык жарык эмес маал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…Аманат жандан түңүлүп, / Корккон элдин көзүнө, / Асмандагы күн күйүп, / Кар агарбай карарып, / Жер көрүнбөй күдүңдөп, / Ак кара айра таанылбай, / Күлгүн тартып бүрүлдөп, / Жер козголуп жайкалып, / Тоо токтобой чайпалып, / Кар көчкүлөр күрүлдөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Конгон жерде жөн койбой, / Кол салыша бергиле, / Манастап түндө тийгиле, / Кара боорун тилгиле, / Күүгүм кире бүрүлдө, / Жалпы атка мингиле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күүгүм кирди бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күдүңдөп, / Аттанып баатыр жөнөдү, / Арттырып кийик эттерин, / Мажикти бастыр, жүргүн, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ынысы билинбейт, / Бол жүргүлө, баскын, деп / Келген желдет күжүлдөйт, / Жарык дүйнө түн болуп, / Үйдүн ичи күүгүмдөйт, / Койон жүрөк коркоктор, / Сийдиги агып бүрүлдөйт, / Шамал болбой күн жаабай, / Кулактары дүрүлдөйт, / Кара тилдүү Тазкара, / Кайраты бар алынча, / Ата башка, эне бир / Чойтолоңдун жанында: / — Алдырабай сен ж…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →