бүрмө
- Бүйүрүп тигилген.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кыйа тарта бергенде, / Кыраан баатыр Таабалды, / Көтөндүн бүрмө чети деп, / Түрүлүптүр этеги, / Талабыма жетем деп, / Таталаган бул айбан, / Барар жайга кетер деп, / Манастап баатыр бакырды, / Өрттөй көзү кызарып, / Өрдөктө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бүрмөчөгүн бүрөйүн, / Үзүлгөнүн улайын, / Кыскасы болсо курайын, / Кемтиги болсо бүтөйүн, / Тешиги болсо жамайын, / Ачылып калса жабайын, / Азандан күлүң төгөйүн, / Аманат жанга күч келди, / Жарыгын күндүн көрөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тоодой Талап оңдонуп, / Бурулгунча артына, / Ат имерип толгонуп, / Аркаңкы ээр кашы деп, / Көтөндүн бүрмө чети деп, / Көтөрүлүп күрөөкө, / Өлөр жериң ушу, деп, / Найзаны ээрге такады, / Күүсү менен качырып, / Көтөрөр ээрден бир сайды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Көк күрмөнүн этеги, / Көмкөрмө ээр кашы — деп, — / Көтөндүн бүрмө чети — деп, — / Көмөлөнөр кези” — деп, — / Күркүрөтүп найзасын / Күчү менен сунганы, / Күүлөнүп барып урганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →