бүркө

китептерде 50 жолу, 10 китепте
  1. Бир нерсенин бетин, үстүн жабуу, чүмкөө, каптоо, далдаалап калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Коросон менен жедигер, / Кырылып көбү түгөндү, / Кызыл кан агып жошулду, / Кыйаматка кошулду, / Кырдырып колун түгөтүп, / Хан Каракөз, Салаалар, / Кабагын бүркөп түнөрдү, / Мындан турган биз өлүп, / Испанда жаткан эл өлүп, / Эки тарап тең өлүп, / Өлүп атып түгөнүп, / Жылма болуп калбайлы, / Арабыздан бир киши, / Хан көт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Өзүнчө сүйлөп күдүрөп, / Кейпи суук калмактын, / Сел аккан суудай күжүлдөп, / Кабагын ачып ирмесе, / Асманда булут бүркөлөт, / Намыстанып Чойун алп, / Камчы басып сур атка, / Кененимге баратса, / Хан Дабытай, Кесилет, / Ачакан келет жанаша, / Эми болот көргөнгө, / Өтө кызык тамаша. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Уламадан укканда, / Уккан экен Жакып бай, / Укмуштуулар Жакыпка, / Айткан кеби мамындай: / “Ар качан барсаң катынга, / Кабагың ачпай сурданып, / Теңдешиңе каар төккүн, / Кабагың бүркөп түр салып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айбалта салып ийнине, / А дагы басып жөнөдү, / Көргөндүн бойу дүркүрөп, / Бүркөлгөн күндөй күркүрөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— деди мага, кабагын бүркөп туруп. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →