бүрк

китептерде 11 жолу, 5 китепте
  1. Сууну же башка суюк затты, газды катуу кысым менен чачырата чыгаруу, атырылта чыгаруу, катуу чачыратуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жагалмайды көргөндө, / Алжыр ойлойт ойунда, / Эки чайнап бир жутуп, / Сөөгүн бүркүп баланы, / Алдында өлгөн Сазанга, / Канга канын алганы, / Колуна келсе бадирек, / Жанга жанын алганы, / Аты-жөнүн сурабай, / Арам ниет чоң доңуз, / Качырып найза салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бейжинге барган жайдарым, / Намысы деп алаштын, / Айкөл шерден эр Семең, / Кайгырбаган эр немең, / Карчашкандан кан бүркүп, / Чайкап келген шер немең, / Теңдешкендин баарысын, / Жер тайанткан эр экен, / Ошол Семетейден Сейитек, / Серпишип жоосу тең келбес, / Жетим калып жетилип, / … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…/ Ысык күндө аккан тер, / Ат жалына чубуртуп, / Чоң экен деп жазганбай, / Хан Калчага бет алып, / Эки баатыр беттешип, / Кандуу найза кармашып, / Качырышып кан бүркүп, / Канча күн жүрсө сайышып, / Бул экөө талбайт майышып, / Өлгөндөрдүн кунун кууп, / Өчөгүшүп кайышып, / Маңдайлаша барышып, / Барганча күчөп сайышып, / Сурданы… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Эр көрбөгөн ээн журт, / Кезектешип сактабай, / Сөөгүн жанчып, канын бүрк! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Көк жалынды оозунан, / Көктү карай бүркүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →