бүргө
- Секирип жүрүүчү кичинекей кан соргуч мите.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ө жакындап, / Дайарланып турарсың, / Тилимди алсаң, арстаным, / Айманбоз мине калсаңыз, / Туу түбүнө жакындап, / Дайарланып турсаңыз, / Чукулга өтө курч эле, / Бүргөдөй ыргып турчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сымга тарткан күбөктөй, / Жараганы кабыктай, / Жалдын үстү жабыктай, / Секиргени бүргөдөй, / Семиргени сүмбөдөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Семиргени сүмбөдөй, / Секиргени бүргөдөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
"Эми бүргөнүн азабынан кутулайын" деп, бир кийизди тиштеп алып сууга барды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →