бүлөө1

китептерде 19 жолу, 5 китепте
  1. Бычак, устара ж. б. бүлөп курчутуу үчүн колдонулуучу жылма таш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Камсыз жаткан мезгилде, / Манастап ураан чакырып, / Ал жерден чыгып каткырык, / Карбаластап шашкалаң, / Талаага чыктың шашылып, / Атты айдап алыптыр, / Колго түшкөн бүлөөсүн, / Кошо кыргыз качырып, / Кантээр айла таба албай, / Жөөлөп калдык акыйып, / Жанымда турган эр эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тумшукта найза он кулач, / Күн чагылып жылтылдап, / Бүлөөдөй болуп, бултайып, / Булчуңдары былкылдап, / Номпил жетип келиптир, / Эң алдында мултулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Сакасы эле чүкөнүн, / Аркар тил эле бүлөөнүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Анын биздей толгон бүлөөсү да жок,— деди өзүнчө. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– деп бүлөөнү ийнинен алыс таштап жиберет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →