бүлүн

китептерде 32 жолу, 8 китепте
  1. Бүлүк түшүү, чабылып-чачылуу, бүлгүнгө түшүү, Аттарынын ээрин алып, отко коюп, тамактанып жаткан солдаттар жоо тийгендей бүлүндү (Жантөшев).
  2. Убаралануу, дүрбөлөңдөө, тынчсыздануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бүлүнтүп бизди чабат, деп, / Бүлдүргө койбой алат, деп, / Кара нийет Отордо, / Жок эле анда уйат, деп, / Бөлүнүп каңгай эки жаат, / Кан төгүшүп жатат, деп, / Калгандар … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Барбай туруп жерине, / Көрбөй туруп элине, / Жеринин билдим жагдайын, / Элин билдим дапдайын, / Эл бүлүнткөн Куткарбас, / Суудай канын чайкайын, / Суусун ичтим Шоркөлдүн, / Ичкен тузум актайын, / Кантер экен Тапан хан, / Мунун сырын байкайын” / Деп ичинде ойлонуп, / Жабырын угуп бул элдин, / Жаш Сейитим толгонуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Муну койо туралы, / Эл бүлүнтүп журт бузган, / Керимбайдан угалы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Бүткөн бойу толуптур, / Мурункусу бекердей, / Бүлүнтөр чагы болуптур, / Кара бойу толуптур, / Кадимкиси бекер го, / Карааны тоодой болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Жолчулар мындан төрт-беш күн мурун «Караколдон Жаркентке солдат өтөт экен» деген кабар менен бирин-серин малдарын ар кайда тыгып, аттарын токойго бекитип, бүлүнүп жүрүшкөн. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →