бүлкүлдө

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Бүлк-бүлк этүү, тартылган, жорткон же жумшак солк эткен сыяктуу кыймыл-аракетте болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…лдап, / Найзалары такылдап, / Чогоол сүйлөп күпүлдөп, / Көрсөтөм деп дүпүлдөп, / Эми кандай болом деп, / Жүрөктөрү дүкүлдөп, / Найзалары сүлкүлдөп, / Көчүктөрү бүлкүлдөп, / Жалгыз жанды айабай, / Кылга байлап таштады, / Кыйаматты эске албай, / Кыйын уруш баштады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чокмордун күүсү күркүрөп, / Үн чыгып жерден дүңгүрөп, / Тапактын эли жагынан, / Айгай чыкты дүркүрөп, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жерге кирди сүлкүлдөп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Ыйлап турат Конушбай, / Эчкирчүдөй бүкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Баардык эл чыкты бүлкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Булардын бир жаман жери: отко бир-эки чычала салып коюп, ошону менен жарым түнгө чейин болсо да бүлкүлдөтүп отура беришет. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ал эми кемпир болсо уктай берип, уктай берип бир оокумда ойгонсо, көшөгөдө бир нерсе бүлкүлдөйт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →