бүлдүркөн
- Сабактары жерге төшөлүп, жайылып өсүүчү жапайы өсүмдүк.
- Ушул өсүмдүктүн быдырлуу, кара кочкул түстөгү тоголок келген мөмөсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Акбарсылдак, кызгалдак, / Кемирчек менен мандалак, / Козукулак, бээ эмчек, / Жөргөмүш менен кымыздык, / Балжууран менен ышкындык, / Томотой менен карагат, / Жермыйаз менен бүлдүркөн, / Жердин бети бүр экен, / Баашайы түрүн салгандай, / Барысы жердин гүл экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— Бүлдүркөн, карагат...
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кээде ушунукунан токоч жейбиз деп, атайы тоого барып, карагат, бүлдүркөн терип барып берчүбүз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ушул Кыргыз-Сайдын тоосунан бүлдүркөн сыяктуу бир баржайган жемиш чыгат экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тынчы кетип, бүлдүркөндүн жалбырагынын үстүнө дем алайын деп жатса, кулагынын түбүнөн ызың-ң, ызың-ң-ң деген дабыш чыгат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →