бүлдүргө
- Камчынын боосу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…жерин калтырбай, / Аксакалын келтирип, / Алып келген малдарды, / Мурунку кеткен малынын, / Азы-көбүн эске алып, / Таратып элге бердирип, / Аш-тамагын жегени, / Бүлдүргөчө бир нерсе, / Олжо буйла дебеди, / Жүрүп кетти Бекбача, / Эл аралап желдирип, / Котен жеркен-буларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Камчыдан чечип бүлдүргө, / Ырымга олжо албады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Темир тондуу Шалкымат, / Жез киндиктүү Кикимат, / Тартынбай салып жаңжалды, / Такыр өлүп сулады, / Бүлдүргөчө немесин, / Кыргыз олжо албады, / Кара аскерде жазык жок, / Ханы айдап келди, деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Элөөсүздөн бир күнү, / Эл бүлдүргөн желмогуз, / Канчык деп айтып салыпмын, / Угуп алып Тапан хан, / Жалмагалы аз калды, / Акыл айтып Тазкара, / Куткарып мени алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Колбутуп колун келтирди, / Бүлдүргө олжо албастан, / Өз жайына кетирди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →