бүлдүр

китептерде 18 жолу, 8 китепте
  1. Бузуу, талкалоо, тополоң салуу, кыйратуу, жараксыз кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Илбээсинди бүлдүрдү, / Кайырма менен сонону, / Карчыгага илдирди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бузулгандан олжо деп, / Бүлдүргү алба, Саламат, / Өтө берет көр дүйнө, / Көөдөндө жаның турса сак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
Балапан өрдөк келгенде, / Балакет баскан Коңурбай, / Эсен ханга билдирип, / Элди жыйнап бүлдүрүп, / Кабар салган кеби экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүтүнүңдү бүлдүрөм, / Күмүшүңдү күйдүрөм, / Алтыныңды агызам, / Ашөпкө, Сейит, мактандың, / Ат салышып кагыша, / Карым казык болгуча, / Касылдашып салышам, / Топого башың киргиче… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Анын бир максаты: алдынан кезиккенин атуу, кан төгүү, кыруу, мал мүлкүн талоо, чарбаны бүлдүрүү... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →