бүл
- сейр. Бүлүнүү, сынып-талкалануу, кыйроо, бүлгүн түшүү, бүлгүнгө учуроо, чабылып-чачылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кылычтын мизи жетерде, / Тизе кесип кетерде, / Маашы чыккан эр Асыл, / Карап турбайт бекерге, / Астыртан өөдө какты эле, / Алакандын бүлтөккө, / Талкаланып шак-шагы, / Колу сынып кеткени, / Өз ойунда Каракөз, / Чын ажалы жетти эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ушул жерге келгеним, / Биле албаса Кененим, / Тетир издеп калар дейим, / Билген болсо Кененим, / Бүгүн-эртең бүл жерге, / Кууп келип калар дейм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Карап калды Көкчөкөз, / Ого бетер бекемдеп, / Эрдигинин чеги жок, / Эрениң келет тепеңдеп, / Алдындагы Аккула, / Башын силкип кекеңдеп, / Өпкө, боор тушу деп, / Өлөр жери ушу деп, / Акыректен чөгөрүп, / Айбалкадай көтөрүп, / Кароолун бүл-бүл житирет, / Машааны тартып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Буйрук алып Сумурук, / Алакандын бүлтөктө, / Кармап койду бир кысып, / Агып кетти териден, / Абышкадан май сызып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сомбилек жеңди, деп угуп, / Түлөө кылып, мал сойуп, / Май кайнады бар үйдө, / Эр бүлө баары тынч алып, / Баары уйкуда бүл күндө, / Атыңды угуп биздин эл, / Бек ыраазы күнүндө, / Карынын баары ынтызар, / Айдай жүзүң көрүүгө, / Кут түштү деп калышат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →