бүктөмө
- Кайрылып бүктөлүүчү, жазып же бүктөөгө боло турган.
- Экиге бүктөлгөн эндүү, кабатталган.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Катын Көкөй каарданып, / Каарын төгүп бетине, / Чаар чыгарып көзүнөн, / Ачууланып сурданып, / Сур жибек бедер чалган боо, / Бүктөмө саптуу ак тинте, / (Акун хан арнап жасаткан, / Биринен көрүп усталар, / Атаандашып жасашкан, / Бай эле Көкөй атасы, / Ага-ини жок эле, / Жалгыз кызым Көкөй, де…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Отордун Мужун катыны, / Оролонгон капыры, / Бүктөмө найза колунда, / Булгап катын качырды, / Дабытай, Мужун бет келди, / Мен Дабытай Мужунду, / Ыргыта сайам деп келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →