бүктө
- Кайрып коюу, имерип бүгүү, кабаттап кайыруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Адам билгис сыры бар, / Мурункунун кебинде, / Жалганы бар чыны бар, / Алдында минген кер атты / Кубултуп турмай жабуу бар, / Көрпөчөнүн үстүндө, / Алты бүктөп алдында, / Салып жүргөн жайы бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ойноп айтсаң ойлой айт, / Тилимди алсаң экөөңөр, / Ушул жерден кайра тарт, / Кененимге кездешсең, / Койдой кезет башыңды, / Коондой жарат ичиңди, / Ачып көздү жумганча, / Бүтүрүп койот ишиңди, / Сындырат бүктөп белиңди, / Шыпырат аттан ээриңди, / Жетим кылат балаңды, / Жесир кылат алганды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ган жолуна – / Оролмонун Сеңирге, / Көчүп барып жол тосуп, / Бээни сойуп күтүнүп / Өз үйүмө түшүрүп, / Бата алсам экен” – деп, / Үстүндөгү ордонун, / Тутуларын бүктөтүп, / Нарларына жүктөтүп, / Накылай көчүп кетиптир, / Каныкей эми нетиптир?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эки канат бүктөлүп, / Түйүнчөк болуп түйүлүп, / Канатынан куу чыгып, / Шуулдаган үн чыгып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аккелте ичи дат болду, / Сырнайзаң сынып бүктөлдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →