бүкмө

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Бир нерсенин кабаттап бүгүлгөн жери.
  2. өт. Табышмактуу ой, ачык эмес, түйүндүү сыр, чаргытылган пикир.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

бар, / Абыдан дайынын айтайын, / Сакалы узун бириндеп, / Узун бойлуу чал сакал, / Кара сур эмес ак жүздүү, / Жасанып кийим кийбеген, / Жалтылдашты билбеген, / Бүкмөсү жок бүдөмүк, / Билгенин таамай сүйлөгөн, / Үйүнө кирсең зайыбы бар, / Билбеген аны жинди дейт, / Анткен менен энемдин, / Билгенин такыр эл билбейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Уруштуу күнү аттарга, / Куйрук менен май берип, / Сары арпаны түктөтүп, / Балтыр атка жүктөтүп, / Ала жүрчү адаты, / Жой болотун, тинтесин, / Бүкмөсүнөн бүктөтүп, / Арттырып төөгө жүктөтүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →