бүк1

китептерде 144 жолу, 9 китепте бүк 2 →
  1. Бүктөлгөн жер, кандайдыр бир нерсенин бүгүшү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Торгойдун муңдуу үнүнө, / Муңканып айткан күүсүнө, / Кубулуп турган түсүнө, / Муз туруштук кылалбай, / Мөңгүлөр агып, кар эрип, / Эңкейип талдар бүгүлдү, / Өөдөлөп өспөй бой керип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
Тааныгандын бири экен, / Кененим аны тааныбайт, / Тааныды бизди деп шашып, / Аша-шаша калдаңдап, / Аттарынан куланып, / Жыгылып-кууп тамтаңдап, / Таазим кылып бүгүлүп, / Катындарча жүгүнүп, / Кендиргелеп бүгүлүп, / Келиндерче жүгүнүп, / Кеп айталбай аптыгып, / Кер сары болуп өң азып, / Таноолору кыпчылып, / Тарамышы тырышып,… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…утбаны туура баштанып, / Кыбыланы бетке алып, / Жаткан экен энекем, - / Баа жеткис менин берекем, / Энемдин сөөгүн көргөндө, / Оң бөйрөгүм тайанып, / Оодарылып бүк түштүм, / Олуйам энем деп түштүм; / Сол бөйрөгүн тайанып, / Солкулдап ыйлап бүк түштүм, / Солтонум энем деп түштүм. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чокмордун күүсү күркүрөп, / Үн чыгып жерден дүңгүрөп, / Тапактын эли жагынан, / Айгай чыкты дүркүрөп, / Ат дабырты дүпүлдөп, / Жерге кирди сүлкүлдөп, / Чойтолоң менен Тазкара, / Эстери чыгып бүлкүлдөп, / Ыйлап турат Конушбай, / Эчкирчүдөй бүкүлдөп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Каркылдап Бакай башында, / Каныкей турат кашында, / Эки колу бүгүлүп, / Абасына жүгүнүп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →