бүжүрө
- Кенен жана шарт-шарт кыймыл-аракетте боло албоо, бүжүңдөгөн майда кыймылда болуу, кибирөө.
- Бөжөңдөө, бөйтөндөп жасакерленген, жагынычтуу аракетте болуу, жалтактоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кет дегенде турбастан, / Чуу койушту дүбүрөп, / Ламасына барышты, / Кол куушуруп бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ачуусу келип Кубатай, / Шорукка айтып турушу: / — Тынч жаткан элди козгодуң, / Бүжүрөп келип арыз айтып, / Ырыскан менен Кубатай – / Катар бизге дос болдуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Качты калмак дүркүрөп, / Караанын көрүп көк жалдын, / Сийдиги агып бүркүрөп, / Калдагай кулак Чойун алп, / Темирбек экөө баш кошуп, / Кеңешке кирди күбүрөп, / Эрдемсиген акмактар, / Амалы кетти бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бүжүрөшүп Калчалар, / Айтышканы ушул кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жүрөгү тайкы адамдар, / Корголоп аттын артына, / Жөө түшүшүп бүжүрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →