бүдөмүктө
- Бүдөмүк көрүнүү, күңүрттөө, ачык көрүнбөө.
- Бүдөмүк болжоо, божомолдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чын ачуусу келгенде, / Чач-сакалы бириндеп, / Этек-жеңи дирилдеп, / Кабагына караса, / Бурганактап жааган күн, / Бүдөмүктөп көрүнбөй, / Күүгүм кирип жаткан түн, / Кабагына кар тоңуп, / Ызгаары кыштай ышкырып, / Оозунан түтүн буу чыгып, / Көзүнөн жалын от чыгып, / Күүлөп чыккан найза…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…к бар эле, / Селебелүү Алмамабет, / Сеңселтип жээрде сакалды, / Жетимиш эки жадыкөй, / Жайын билет Алмамбет, / Жер жүзүндө сыйкырдын, / Барын билет Алмамбет, / Бүдөмүктөп калбастан, / Анык билет Алмамбет, / Ачып көздү жумганча, / Ана-мына кылганча, / Асманды алты өзгөртүп, / Борошо суук шамалды, / Ооган жакка өткөрүп, / Ортого т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бир көргөндөй ойдо бар, / Бүдөмүктөп калыптыр, / “Не да болсо турган кыз, / Менден улуу экен” деп, / Эсендик сурап Куйалы, / Колун суна салыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →