бүдөмүк

китептерде 9 жолу, 4 китепте
  1. Күңүрт, ачык эмес, даана эмес.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…е бой уруп, / Кара тер агып былчылдап, / Бучкагынан чубуруп, / Бүткөн бойу суу болуп, / Чылпылдап ылай жуурулуп, / Азуулары качырап, / Айнектей көзү чачырап, / Бүдөмүк тартып күдүңдөп, / Буулуккандай күжүлдөп, / Үндөрү күндөй күркүрөп, / Адамсыз талаа дүркүрөп, / Адырдакы айбанат, / Арыштап айак таштабай, / Тушагандай бүжүрөп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ан дайынын айтайын, / Сакалы узун бириндеп, / Узун бойлуу чал сакал, / Кара сур эмес ак жүздүү, / Жасанып кийим кийбеген, / Жалтылдашты билбеген, / Бүкмөсү жок бүдөмүк, / Билгенин таамай сүйлөгөн, / Үйүнө кирсең зайыбы бар, / Билбеген аны жинди дейт, / Анткен менен энемдин, / Билгенин такыр эл билбейт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Таанылар киши таанылбас, / Көз байланган бүрүлдө, / Бүдөмүк тарткан күүгүмдө, / Кернейлерин койдуруп, / Кере кулач чойдуруп, / Сурнайларын койдуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Абаң Бакай жакындап, / Калыбекке жеткенче, / Гүлчорону Калыбек, / Оодара тартып кеткинче, / Ободо булут бузулуп, / Манастап ураан чакырып, / Кененим үнү угулуп, / Бүдөмүк кылбай так айтып: / Кененим сарык нак айтып: / — Кайра тарткын катылбай, / Абам Бакай сен кайтып! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ыргак, / Катты жазып бышыктап, / Караңгыда барат, деп, / Карбаластап карайт, деп, / Түн ичинде барат, деп, / Дүпдүрөңдөп карайт, деп, / Бүлбүлдөнүп көрүнбөй, / Бүдөмүк чалып калат, деп, / Ал күнү жазып кургатып, / Айкөлдүн алтын чоң мөөрүн, / Айагына бек басып, / Тубардан калта жасатып, / Бекитип оозун чаптатып, / Эртең менен… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →