бүдө

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Жан кыюу, курман болуу (түпкү мааниси).
  2. өт. Жанын үрөө, жан алакетке түшүү, тынчсыздануу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра айланып Асыл шер, / Илебин минген чоң пилге / Качырып кылыч урганы, / Кылыч тийген кызыл пил, / Бук деп албай жан берди, / Бүдөөгө келбей өлгөнү, / Бутун серпе албады, / Жоон мойундун түбүнөн, / Таарый чаап салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Бүрдөп турган жаш чырпык, / Бүдөөгө келбей сынаармын, / Итчилик кылса бул кылсын, / Азыраак сабыр кылайын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тумшугу ууга тийгенде, / Иттин оозу ырсайып, / Тумшугу менен жер сайып, / Бүдөөгө келбей өлдү эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Башынан агып кан кетип, / Боло албай өөдө шай кетип, / Бүдөөгө келбей жан кетип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →