бүгүш1
- Бир нерсенин кабатталган, бүктөлгөн жери, бүгүлгөн тигиши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көрпөчөнүн бүгүштө, / Бүктөлүү болчу мына бу, / Тартып алды желекти, / Таанымал элге керекти, / Найзага темир аштады, / Айчыгы алтын чоң тууну, / Ашкере сайып таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Чыңгыш угуп бул кепти, / Кулакка жакпас шум кепти, / Бүгүшүнү көөнүнүн, / Бекем түйдү кун кепти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Макул болуп жүгүндү, / Меймандарды күтүштү, / Ханга башын бүгүштү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айкөл Манас артык шер, / Көрпөчөнүн бүгүштөн, / Камдагай алып бергенде, / Хан Кошой аны кийгенде, / Атаң адам чоңу эле, / Ал Манастын кандагай, / Кыска келип калганда, / Нары чойуп тарткылап, / Бери чойуп аткылап, / Алып келип кийгизсе, / Чак келип гана калды эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Береним энем Каныкей, / Белдемчинин бүгүшкө, / Бекем катып капшырган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →