бүгүн

китептерде 578 жолу, 10 китепте
  1. Бул күн, сутканын ошол күнкү өтүп жаткан мезгили.
  2. Учурдагы мезгил, өз учуруна тиешелүү болгон бир аз убакыт, ошол учурда өтүп жаткан мезгил аралыгы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Алакандай кыргызга, / Акыр-такыр салам, — деп, / Ай-ааламдын бар кегин, / Манастан бүгүн алам, — деп, / Койколоңдоп талаада, / Желип жүрөт Чынаача. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Ошентип менин шыбагам бүгүн үйдөгүлөрдүн пайдасына калды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Далайдан бери жолум болбой жүрдү эле, бүгүн бир курсагым тоет экен, – дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →