бүбү

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Эмчи-домчулук кылган аял. Кээде көзү ачыктык жайы, чымыны, жини бар катары да түшүнүлөт. Көп белгилери боюнча бакшыга (к. бакшы) окшош.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…, / Сейитекти Айчүрөк, / Төрөй турган кездерде, / Таластан барган олжого, / Айсалкын менен Кутубай, / Кастык кыл деп балага, / Үйрөтүп Кыйаз киргизген, / Бакшы бүбү беш катын, / Эбин тапкан ушулар, / Урпагына айкөлдүн, / Кызматы турса ушундай, / Чечекей агып чел болор, / Унутуп калсак эске албай! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алганы Бүбүбатманын, / Медет кылган уулу экен, / Ошолор өттү жалгандан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Күмөн алган шегим бар, / Силерге айтар кебим бар, / Бакшы бүбү катындан, / Итиркенбей кол салып, / Баланы алган жатындан, / Чычкан ооз, бака көз, / Ээги түшүп калса да, / Эбиреп кыйын тапкан сөз, / Куураган жатын мүйүз көт… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →