бышыр

китептерде 59 жолу, 9 китепте
  1. Бышкан абалга жеткирүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карап көрсө балыкты, / Тышынан майы сызылган, / Кууруп майга бышырган. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Бышырып келген эттерин, / Калтырбаган кем-керчин, / Көөкөрдөгү кымызын, / Арагы менен барысын, / Астына койуп абаңдын, / Тегерек тартып олтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Чала-була бышыртып, / Он койдун эти бир чара, / Сегиз чара жанаша, / Аш жегени капырдын, / Албан түрдүү тамаша! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Жымжырт тартып, адамды куса кылып ич бышырган жалгыз там. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Сары майга бышырылган каттама болсо! Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →