бышык1

китептерде 12 жолу, 6 китепте бышык 2 →
  1. Бышкан, бышып жетилген, чийки эмес.
  2. Бекем, мыкты, сапаты жакшы.
  3. Өз боюна тың, турмушка чыдамдуу, чыйрак.
  4. такт. Сөзсүз, шексиз.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Аш берем деп жер чардап, / Ар бир ишке бышыктуу, / Күндүзү таттуу, түн ачуу, / Булактарга тушукту. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Туулга куйам бир кабат, / Тогуз кабат туулгадан, / Толук болот ал бышык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кайраты артык кайран жаш, / Жакшы менен жаманга, / Бышыгып калган курган баш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бекем байла белиңди, / Бышык кылгын кебиңди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Эртең жүрөрү бышык болуп чыкты. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →