бышты

китептерде 19 жолу, 7 китепте
  1. Төрт жашар жылкы.
  2. Бодо малдарга карата төрт жашар экендигин билдирүүдө колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кунанымда койон кууп, / Асылбача эр минди, / Жаңы бышты кезимде, / Жалыма тумар тагылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жаңы бышты жазга асый, / Кебетеси ушундай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…йу жогу токтусун, / Кошо ээрчитип козусун, / Нык семирген инегин, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Кысыр эмген тай торпок, / Мындай малдан калган жок, / Тай, кунан, бышты, бууржунду, / Толтуруп нанга куржунду, / Карача каймал, ингенди, / Алып келген байкуш эл, / Колуна кайсы тийгенди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Ашуунун орто ченине келгенде Элебес минген тору бышты кашайып туруп алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошентип кызымдан ажырадым, ченде жок күйдүм, быштым, бирок колумдан эмне келмекчи, күчүмдү ыйлоого чыгардым. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →