бышкыр
- Кошкурук аткандай же чүчкүрүп жиберген сыяктуу таноо аркылуу дирилдете кыска катуу жел чыгаруу.
- Күлкүсүн токтото албай, демин мурдунан катуу чыгарып бырс этип күлүп жиберүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бирок муну караса, / Коңуругу таш жарат, / Тоодогу кайып оттобой, / Тыңшай калып бышкырат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Келе жатып Бешкулак, / Карс дегиче бышкырды, / Жолум үйдөй көк маңка, / Жол бойуна былтыйды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Атанын кунун алсак деп, / Алп Манастын уулунан, / Очогорун октошуп, / Колумсага ок салып, / Соруучудай кумсарып, / Ажыдаардай ышкырып, / Ысык чөлгө чыдабай, / Ылаалап керки бышкырып, / Кызыл туман чыккан чаң, / Сексен байрак туу алган, / Бул экөө жеткир тукуму, / Беттешкенин кыйраткан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Бала баягы булакка бети-колун жууп, суусуну канганча ичип, тегеректи карап олтурса, баягы үч улак секирип бышкырып, таманын такылдатып, көкүлүн сексендетип жолго түшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →