бышар
- Нымдалышкан ысыкта, сууда ж. б. көбүрөөк болуудан дененин эти, териси, салаалар агарып, агыш тартып кетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Кокүн катуу каарданып, / Мени шылдың кылды, деп, / Ачууланып арданып, / Алаканга түкүрүп, / Чокморду чыңдап карманып, / Өрдөктөй мойну узарып, / Өпкөдөй бети бышарып, / Кузгундай көзү кызарып, / Темиркөктү камчылап, / Түлкү алчу бүркүттөй, / Мурдунан суусу тамчылап, / Ачка калган бөрүдөй, / Азуулары шакылдап, / Чокморун күү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Өкүмсүгөн айбандын, / Өпкөдөй бети бышарып, / Тарамышын чырайтып, / Бүтүн жердин бетине, / Жан койбостой кыйратып, / Алдымда минген көк качыр, / Шодоңдотуп куйругун, / Артынан чаңын чубалтып, / Катуу ки…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Беттешип калса пендеге, / Табылбас ага эч даба, / Кулач кез мойну узарып, / Өпкөдөй бети бышарып, / Өрттөй көзү кызарып, / Көн кисеси шалпылдап, / Чоң кылыч белде жаркылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Үкүдөй көзү кызарып, / Өңү суук калчанын, / Өпкөдөй бети бышарып, / Кангайлап ураан чакырып, / Катуу кирди жапырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мындай кылганда менин келечегим белгилүү болот, анткени кайсыдан соң кайсы үйдүкү бышарын жаңылбай белгилеп алып, баарынан кур калбай биринен сала биринин үстүнөн чыгып отуруш керек.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →