бышакта
- Бышак-бышак этүү, бышаңдоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ыйлаган болуп бышактап, / Аркасын карап кылчактап, / Алдын тиктеп ыкыстап, / Ойлонуп мастан акыл таап: / “Эламандын Төштүгүн, / Мага окшогон Желмогуз, / Итичпестин көлүнө, / Жанжүрбөстүн чөлүнө, / Алпарган экен ар кайда, / Азгаштырып көп жайга.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
…ай албай Тапан хан, / Оодарылып жатканы, / Убакты болуп түн бүтүп, / Уктабай таңдын атканы, / Желмогузду кучактап, / Кузгундай көзү кызарып, / Тапан хан, ыйлап бышактап: / — Кыргыздан келген Сейити, / Кыйналтып жанды кейитти, / Бүгүн өтөт бир күнү, / Эртең калат эки күн, / Өтүп кетсе кантебиз, / Мөөнөт берген үч күнү?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
— / Канчородон кеп угуп, / Алдакаткан Жээнбай, / Арстандарга жоолугуп, / Бышактап ыйлап бир далай, / Бир убакта соолугуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Катындардын бышакташын көрсөң эми көр: Кантыке деген бир аял биз келгени көзүнүн жашын тыйбады.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кирип келип ар кайсы жерде бышактап ыйлап отурган катындардын себебине түшүнгөндөй үңүлүп карап калды эле, Сарбагыш:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →