быч

китептерде 22 жолу, 8 китепте
  1. Бир нерсе тигүүгө ыйгарылган материалды керектүү формага салып, өлчөмүнө ылайыктап кесүү.
  2. Биттөө, энин алып салуу.
  3. Белгилүү бир көрүнүштүн төлөм акысын, наркын белгилөө, кесим кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алтымыштан үй-үйгө, / Ирети менен киргизип, / Жайа бычып, жал керткен, / Казы-карта жылкы эттен, / Мисте, мейиз, жемиштен, / Сары кант, шекер, бал менен, / Тамагын жакшы беришкен, / Мурунку чыкса талаага, / Кийинкиси киришкен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ — Талана, барсаң барып кел, / Бачымыраак кайтып кел, / Керээз ашың ичип кел, / Өлүм тонуң бычып кел, / Кеңешиңди салып кел, / Катын -балаң бар болсо, / Ыраазылык алып кел. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Куугундан аттар кутулуп, / Арт жагына бурулуп, / Боз жорго баштап бардык ат, / Таласты карай чубуруп, / Чубактын аты Көктеке, / Бычылбаган мал эле, / Айгырлык жагы бар эле, / Кош кулагын жапырып, / Оттоп туруп алганын, / Соорудан тиштеп качырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Калың бычышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Кыз, бүгүн биздин үйгө барып, мага бир кемсел бычып берчи - дейт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →