бытпылдык

китептерде 1 жолу
  1. Бөдөнөнүн сайрагандагы дабышын, чыгарган үнүн билдирүүдө колдонулат.
  2. өт. Бөдөнө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Топулуу торгой, бытпылдык, / Бытпылдыктап кыйкырып, / Суусунда балык жылт этип, / Кундуздар ойноп кылт этип, / Токойунун четинде, / Чөөлөрү күлөт шыңк этип, / Чычкандары чырылдап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жайнаган курттар жыбырап, / Айбанаттын түрү көп, / Жерди бербейт быжылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →