быт-чыт

китептерде 5 жолу, 4 китепте
  1. Бырын-чырын, быркырап талкаланган, бөлүндү-бөлүндү.
  2. Чакчелекей, будун-чаң, баш аламан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Токтоно калып абакең, / Оронгудай калмакка, / Оро-пара маңдайга, / Балтаны шилтеп жиберип, / Оронгунун туулгага, / Ойрон Кошой чапканы, / Оронгунун туулгасы, / Быт-чыт болуп калбады, / Жердин бетин чаң алып, / Опсуз баатыр Оронгу, / Эс-акылдан танганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ергенде, / Жалтылдатып кылычын, / Желдеттер жетип келгенде, / Манас деп атын чакырды, / Манастын атын укканда, / Чачылды элдин акылы, / Чирене түшүп туйлады, / Быт-чыт болуп темир тор, / Туруштук кыла албады, / Жойкумасы колунда, / Жойкуманы бир шилтеп, / Онду салды жолуна, / Козголунча шай келбей, / Отузу өлдү ордунда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Найзаны муштап, тартканда, / Талкаланып чарайна, / Быт-чыты чыгып жатканда, / Кол арыктай шарылдап, / Эр Гүлүстөн баатырдын, / Соорудан каны акканда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Үч кабат темир күрөөкө, / Быт-чыт болуп кетсе да, / Оодарылып бул чочко, / Ат үстүнөн кетпеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →