бырыш1
- Бет-колдун, маңдайдын терилеринин кат-кат болуп из түшүп жыйрылган катмары, тырышкан из.
- Кездемелердин, кийимдердин ж.б. бүктөлгөн уйпаланган, жыйрылган жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Сакалдарын карасаң, / Өзүбектин дабындай, / Маңдайынын кеңдиги, / Азык салчу байлардын, / Алты карыш кабындай, / Чекесинин бырышы, / Кой кыштоочу адырдай, / Кең көкүрөк дагдайып, / Тай чабуучу талаадай, / Эки эмчеги салаңдап, / Кысыр эмди танадай, / Эки жагын карасаң,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Колдору күйүп бырышты, / Доо кетип билек тарамыш, / Ичин карай тырышты, / Билгени жок торгой кыз, / Мынчалык болгон жумушту, / Колу күйсө шыркырап, / Эми кандай болот, деп, / Беттеш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Колуңдагы дүрбүнү, / Жана салып үңүлдү, / Маңдайынын бырышы, / Эл жайлоочу төр өңдүү, / Каш-кирпигин карасаң, / Карагайлуу жер өңдүү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
– деп, / Куйкалары курушуп, / Мурундары тырышып, / Кириштери бырышып, / Кеп айта албай турганда, / Баласын колдон жетелеп, / Айчүрөк кирди залкайып, / Айтып турду бул сөздү, / Айдай жеңең кашкайып, / Күзгүдөй бети тастайып: / — …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— деди бетиндеги бырыштарын калың жыйнай түшүп, кабагын чытып.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →