быркыра

китептерде 72 жолу, 8 китепте
  1. Майда-майда болуп бөлүнүп кетүү, бычыроо, талкаланып сынуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кумдай болуп быркырап, / Алдына минген Темиркөк, / Урган таштай дыркырап, / Күүсү менен бул чочко. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Тараша кетип быркырап, / Сыныктары асманга, / Учуп жүрөт чыркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жыландай сойлоп жыпылдап, / Таңкы желдей зырылдап, / Туйагы тийген кара таш, / Топурактай быркырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…урма темир саптары, / Мүлжүнүп жүрүп аз калды, / Алаканы чой болуп, / Колунун аккан кандары, / Сагызган менен кузгунга, / Эркин берген той болуп, / Таш түгөнүп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Калкандары быркырап, / Туулгасы жарылып, / Түк билинбейт караңгы, / Кызылала кан болуп, / Кыргыз, кытай таанылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →