былчы
- Жанчуу, былчылдата уруу, сабоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ай, / Баатырлыгы билинип, / Белде кемер үзүлүп, / Бүтүн калбай бүчүлүк, / Найзанын учу мукуйуп, / Балтанын мизи түйрүлүп, / Кылычтын мизи кетилип, / Чокморлору былчыйып, / Бадана тондор бурчулуп, / Олпоктору жыртылып, / Ичтен кийген буулумдун, / Этектери кырчылып, / Торгой көз темир күрөөкү, / Тарпы калбай бузулуп, / Жаалы сал…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…дык кылып жатабы, / Качып кетет экен, деп, / Имере тартып тизгинин, / Абдан байкап көз салып, / Тиктеп калып кылыйып, / Жана өзүнчө каткырып, / Жалпайган мурду былчыйып, / Ого бетер Майтору, / Сендиректеп шылкыйып, / Ачууланып Бекбача, / Эки этегин түрүнүп, / Жеткиси келет жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ологон челектей, / Башынан каны аккан бар; / Жерге сүрө жыгылып, / Көзү агып калган бар; / Жыгачтуу жерге жыгылып, / Жалпак бет болуп калган бар; / Мурду сынып былчыйып, / Көзү шишип кеткен бар; / Шоолаланып жылчыйып; / Кокустап бели калган бар, / Кобалбай жатат чыңырып, / Аралап баатыр Кененим, / Ат бастырып өткөн жер, / Жууш…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…уткарбастан жалпайып; / — Шум канчык түшөт колума, / Кап тешердей жылчыйып; / Ардангандан Куткарбас, / Өзүн-өзү өлтүрөт, / Ат тепсеген бакадай, / Дүмүнөн түшүп былчыйып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →