былч
- Жумшак нерсенин үстүнө бирдеме түшкөндө же урунганда чыккан дабышты, сууга тийген же чалп эткен дабышты билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жыгылып өйдө болгунча, / Балта менен чыкыйга / Былч эттире бир койду, / Былтыйган мээси чачырап, / Бул ааламдан жоголду, / Жалгыз жатпай Бозкертик, / Канжаркуу жолдош болгону.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →