былкылда

китептерде 29 жолу, 8 китепте
  1. Акырын кыймылдоо, былк-былк этүү, солкулдаган жумшак кыймылда болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

аттар алкылдап, / Белде кылыч жаркылдап, / Айбалта жанда шыңгырап, / Найза колдо зыңгырап, / Маңгыттан келди хан Калдык, / Жер сойулуп кылкылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Карадан белек туу кармап, / Алооке менен Коңурбай, / Андан ашып кетем, деп, / Ойунда келет бул акмак, / Маңдайда Асыл эр турат, / Ойунда жок жалтанмак. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Кутулуп кете албайсың, / Кууратамын эми мен, / Былкылдатпай тордодум, / Куу туйак, сени койбойум! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…мбет айткан байагы, / Туңша жагын караса, / Тополоң уйуп, тоз түшүп, / Күн күлгүңдөп боз түшүп, / Жер суйулуп кылгылдап, / Найзанын учу жылтылдап, / Ат куйругу былкылдап, / Жердин бети жыбырап, / Адамдан келет сел каптап, / Аргымак аттар алкылдап, / Азаматтар үстүндө, / Ар кубулуп шалкылдап, / Белинде кылыч, ай балта, / Күн чаг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Баладай жалы былкылдап, / Арандай оозу ачылып, / Жолум үйдөй көбүктөр, / Катуу жолдо жүргөндө, / Жол бойуна чачылып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Сүйлөсө башы кылтылдап, / Катын үндүү кыңкылдап, / Токтобой мойну баладай, / Ары-бери шылкылдап, / Таноосу көөп дердеңдеп, / Тамакайы былкылдап, / Келгендин баары жалдырап, / Сатайына карады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →