былк
- Акырын болгон кыймыл-аракетти, солк эткен, бир аз козголгон кыймылды билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Унчукпай турат былк этпей, / Батай, Катай – баатыры.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кененимге былк этпей, / Туруп берип майданда, / Андестик керек эмеспи, / Аңкоолук кылбай мындайда!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Былк этпей жатып үйүңдө, / Байбичеңдин төрүндө, / Хан Жакып деп калгандар, / Келип турса күнүгө, / Ошонуң ыраат эмеспи, / Карып калган күнүңдө!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айдаса буурул былк этпейт, / Чылбыры Гүлүс колунда, / Тоо баскандай солк этпейт, / Карадөө, Токой жардашып, / Тирмейе тиктеп карашып, / Абасы менен Гүлчоро, / Көргөнгө көркөм жарашып, / Тура турсун эрендер, / Биз башкадан кабар алалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Канчалык каарданып соксом да, ал былк этип койбойт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →