бык
- Жашырынып жатуу, чөгүп жатуу, бөгүп, билинбей жаткан абалда болуу.
- Жайланышып орун алуу, батышуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жылкы окшобос бир жагы, / Быкта бакай, тик туйак, / Кууш көөдөн, шал кулак, / Чуркаса куйрук шодоңдоп, / Көзгө суук кодоңдоп, / Чынаача турду булуйуп, / Туу түбүнө бурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Коросон жолун чалдырган, / Алике менен Сатике, / Акылдуу киши деп жүрсөк, / Ушу экөө тең айбан, / Как Кыйаздын өзүндөй, / Мүчөсү толук, кең далы, / Кууш айак, быкта бел, / Көөдөнү жайык, сом билек, / Булчуңу бала белиндей, / Азыр эти толо элек, / Балбан болчу бала экен, / Телегейи тең экен, / Эч өөнү жок неме экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кулжа көөдөн, тайган төш, / Быкта бакай түрс айак, / Өргө салса өөрчүгөн, / Эңишке салса эринген, / Капталга салса камыкпас, / Канчалык чапса талыкпас, / Азыраак айыбы бул экен – / Бир эличе сээри пас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →