быйыл

китептерде 47 жолу, 10 китепте
  1. Үстүбүздөгү жыл, ушул жыл.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…нкор Манас тукуму, / Бекбачасы жаман, деп, / Хандын баары өлүптүр, / Алптын баары өлүптүр, / Калар бекен аман, деп, / Кыргыздын эли кыйын, деп, / Жылга жолборс быйыл, деп, / Жолборс сындуу азамат, / Тирүү калыш кыйын, деп, / Жолборс жылга келгенде, / Уруш болсо эр өлөт, / Эр өлбөсө жут болуп, / Борошолоп мал өлөт, / Тактада… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Быйыл бойду сергитип, / Аттарды жакшы семиртип, / Соот менен олпоктун, / Топчулугун бекитип, / Найзаны ташка түйрөйтүп, / Кылычты чаркка эгетип, / Балтаны ууга сугарып, / Найзанын учун жаңылап, / Бөрү тили чыгартып, / Жаңылап элден кол алып, / Анан барсак кантет, / Күчтү күчкө улантып? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Бай Жакып быйыл келет”, деп, / Караногой жүрүүчү, / Жол керегин белендеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Башариндики быйыл Жанымжандын кызматына тоюп, анын баласы — Жумабекке бир эски бешмант берген. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Болбогондо хан уруш ачты, быйыл жети жыл толот. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →