быжылда

китептерде 15 жолу, 5 китепте
  1. Быж-быж этип, көбүрүп ташуу, ачуу.
  2. Бык-бык этүү, кыжылдоо, аябай толуу, көп болуу.
  3. Майдалап көп сүйлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кумурскадай кыжылдап, / Кара курттай быжылдап, / Каптап кирди төрт урук, / Алтымыш миң кишиге, / Жалгыз Асыл бой уруп, / Кыйкырып кирди аралап, / Кылычтын каны чубуруп, / Каарданган хан Асыл, / Алтымыш миң… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Топулуу торгой, бытпылдык, / Бытпылдыктап кыйкырып, / Суусунда балык жылт этип, / Кундуздар ойноп кылт этип, / Токойунун четинде, / Чөөлөрү күлөт шыңк этип, / Чычкандары чырылдап, / Жан-жаныбар кыбырап, / Жайнаган курттар жыбырап, / Айбанаттын түрү көп, / Жерди бербейт быжылдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таш мойноктун кезеңге, / Айкөл Манас, зор Бакай, / Чыгып белден караса, / Каркыранын жери кең, / Кара курттай быжылдап, / Түркүм-түркүм нечен эл: / Орто жери ойулуп, / Төрт тарабы жайылып, / Дүрбү менен караса, / Чочколор басса аралап, / Алаштын эли жарылып, / Байрагын көрүп ба… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кумсар сыйкыр кырылдап, / Чакчыгайдай быжылдап: / — Сейитке найза кактырдым, / Сен кактырган найзага, / Отуз алты аскерди, / Дым тарткызбай жаткырдың, / Кылчайып карап биз жакты, / Найза бер, деп шаштырдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Үстү ачылбай быжылдап, / Куран окуп молдолор, / Үн салышып кожулдап, / Кеп салышкан андан көп, / Топ-топ болуп божулдап, / Күмбөздүн келип оозуна, / Каныкей, Бакай, Семетей, / Хан Сейтек, Гүлүстөн, / Катар бешөө олтурат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →