буюр
- Бир нерсени иштөөгө буйрук берүү, аткарылышын көрсөткөн же талап кылган сөз айтуу.
- Насибине, энчисине туура келүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Замандын түрү минтип турганда, кишиники эмес, өзүбүздүкү буюрарын кудай билет,— дейт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
— Эми бул дүнүйө кимге буюрар дейсиң,— деп коёт.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Курсагым ачка, буюрбады сенден башка!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Түш болгондо баягы адам артын караса түрү суук бир таз бала атына минип келе жатканын көрүп, саадагын сууруп атайын деп, кайра ойлонуп: "Никем ушуга буюрган экен" деп тура калып башына дары сыйпап, жети күндө капкара кундуздай чач чыгарды.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ушул элге болушмун, элди мен бийлеп, мен башкарамын, менин никемди сага буюрган экен, жүр кеттик элиңе.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →