буюм
- Тиричиликке колдонулуучу ар кандай нерсе, мүлк, эмерек.
- Кандайдыр бир нерсенин анчалык мааниси жок экендигин же иштелүүчү иштин өтө оңой, жеңил экендигин билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Акыры аягында уруштагы солдатка керек деп, уй ичибиздеги буюмга налик салды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жаңыдан бир асыл буюм таап алып кубанып турундай кыбыңдаган көзү дайым күлүп туруучу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Ушулшаардын күн чыгыш жак четинде короосу буюмга жарды бир жапырайган жалгыз үй бар эле.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Атаңардын кандай жакшы буюму бар, ошону мага сурап бергиле, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Базарга барып көп буюм, мал сатып алышты.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →