бушайман
- Ич күптү болгон кайгы-капа, ичке катылган санаа, бук.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Найзаңды ташта түйрөйткүн, / Кылычыңды бүлөткүн, / Балтаңдын мизин эгегин, / Өтпөй калып жарагың, / Бушайманың жебегин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
— / Бушайман кылып турганда, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Сөөгүнөн өткөрүп, / Суук сөздү кыларда, / Кыраакы Бакай карыйа, / Кыйалын билип ал чакта: / “Кызыталактар, талаада, / Кыйла жыйын кылдыңар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →