бучук
- Мурду бузулган.
- Быйпыйып, мурду кетирекей, бучугуй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мөңкөтай деген немеле, / Элден чыккан илегер, / Сынык менен түзүктү, / Сокур менен бучукту, / Ич оору менен өтмөнү, / Өпкө оору менен өзгөнү, / Эркек эмес катынды, / Ооругандын баарыны, / Эбин тапкан эр эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кызды көрсөң кылыңдап, / Жубанды көрсөң шылдыңдап, / Бучукту көрсөң бырбыңдап, / Тазды көрсөң быйрыңдап, / Тигиле тиктеп калбаңар, / Артыңарда ушак кеп, / Күпүрдү таап албаңар, / Карың барсың, жашың бар, / Акылың менен болгунуң, / Айтканды угуп, жаш балдар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сокуру бар, бучук бар, / Шаңдуусу бар, кодоо бар, / Картаңы бар, жашы бар, / Чыйрагы бар, бошу бар, / Ажал чиркин туш келсе, / Жакшы-жаман ылганбай, / Кыйылып башы баратат, / Бардыгы окшош куурайдай!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тиктесе көзү шам жайнап, / Сүйлөсө тили так сайрап, / Бучугуң бардыр бириңдин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Мында ар кайдан жыйнап келип салган он чакты кишиден башка Солтонун бир тууган инилери Айылчы, Көчкүн, Муканбет дегендер бар, Көчкүндөн улуу, бирок андан бою жапалдаш, былчыйган, жалпак мурун, боз бучук бала, кишиге сүйлөсө дайым какшык менен келет.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →