буурул
- Сур, боз, көк ж. б. түстөр аралашмасынан турган өң, түс.
- Бура тарткан кыл аркан Буурул аттын кермеси (Токтогул).
- Ак кире баштаган сакал, мурут, чачтын түсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көз байланган бүүрүлдө, / Таанылбас кара күүгүмдө, / Бактыбай кетти аттанып, / Топчу кулак кер аттын, / Басканы сонун шаңданып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сом темирин артынып, / Чарайнасын тартынып, / Бузулуп өңү сур чалып, / Буттай темир курчанып, / Кара буурул ат минип, / Каттай темир кийинип, / Баатырлыгы билинип, / Бастырып чыкты эр Сакта, / Балакет баскыр жекеге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Ат үстүндө жулушуп, / Соотторун булушуп, / Этектен түрө кармашып, / Үзөнгү боого салышып, / Ажыратып кете албай, / Айсарала, буурул ат- / Аттары турат тайышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ “Атам айткан чын болсо, / Нак Семетей экен, деп, / Ээрчип жүрүп алты күн, / Күн өткөрдүм бекер, — деп, / Бүгүн кечте келгенде, / Бастырбай тосуп Буурулду, / Алдына туруп алайын, / Чыгарар бекен зобанын, / Эшитип үнүн калайын” / Деп ойлонуп Кара дөө, / Тирмейип тиктеп турганда, / Каадасынча күндөгү, / Жыйырма кыз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— / Каныкей андай дегенде, / Ачуусу келип Канчоро, / Тең, сүйлөшүп, бирге өскөн, / Бели катуу эр чоро: / «Буурул атты минбедим, / Буулум тоңду кийбедим, / Ар качандан бир качан, / Абам менен Каныкей, / Гулчорочо көрбөдүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →