бууржун

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Беш жашка чейинки буура, буура болууга жетилип калган төөнүн эркеги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Караханга жардам деп, / Аз болсо да алгын, деп, / Аруу шайы сунган бар, / Ак бууржунун жетелеп, / Ириктерин шатектеп, / Мүйүздөн кармап турган бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бурулдаган бууралар, / Буркулдаган бууржундар, / Кайкаңдаган каймалдар, / Тайраң салып тайлактар, / Керүүлөп басып кекейет, / Жөө Бакайга айдатпай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Сенин үнүң укканда, / Семетей атың укканда, / Селдей жашы төгүлөт, / Алжып калган Каралөк, / Бууржундай көрүнөт, / Башын салып буркулдап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
токтусун, / Кошо ээрчитип козусун, / Нык семирген инегин, / Сүттүүсү менен сүрөгүн, / Кысыр эмген тай торпок, / Мындай малдан калган жок, / Тай, кунан, бышты, бууржунду, / Толтуруп нанга куржунду, / Карача каймал, ингенди, / Алып келген байкуш эл, / Колуна кайсы тийгенди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →