буура

китептерде 58 жолу, 9 китепте
  1. Төөнүн тукумдатуучу эркеги.
  2. Буурасы кирип буркулдап, Кыш чилдеде тиштерин Кычыратып кайраган (Үмөталиев).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Карап баары калышты, / Көрдүңбү деп көргөнүн, / Биринен-бири сурашып, / Мен көрдүм палан сонун, деп, / Жабыла сүйлөп чуулдашып, / Кара буура Чаткалдан, / Караанын көрүп күмбөздүн, / Күзгө жакын ысык кез, / Душмандар келген бул мезгил. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…кыдан беш бетер, / Огобетер каарданып, / Жылан менен чайандай, / Уусун чачып заарданып, / Алам деген Чойун алп, / Таамай найза сайалбай, / Өлүүчүдөй арданып, / Буурадай тиши качырап, / Көзүнөн жалын чачырап, / Оозунан көбүк чачылат, / Жана кирди түгөнгүр, / Минген атын камчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Астынкы ээрди шакылдап, / Кулактары шалкылдап, / Эркегинде айалча, / Көнөктөй эмчек балкылдап, / Мас болгон буура сыйагы, / Тамандары тапылдап, / Кудай бетин салбасын, / Айтып бүткүс айбатын, / Чакчалекей будуң-чаң, / Аркада чаңы жөө туман, / Оогандын эли каптады, / Ошону … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ит болуп үрөт арсылдап, / Каткырып кетет карсыладп, / Оозунан көбүк куйулуп, / Буура болот шалкылдап, / Жүрүп кетет жылаңач, / Эки санын чапкылап, / “Ит абдалдан коркот”, деп, / Кеткени жок ит талап, / Ар кайсы үйдүн алдына, / Келип калат аш су… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
– Ай кудай алгыр, ал хан жакын жерде жок, Сасык-Көлдүн аралында кара буура болуп чөгүп жатат. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →