буулук

китептерде 52 жолу, 9 китепте
  1. Абдан зеригүү, бук болуу.
  2. Буулуу, кысылуу, ичтегисин чыгарууга даяр туруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Баландын аты экен,деп, / Көпчүлүк чууну салганда, / Буулугуп үнү апкаарып, / Кобо калып атына, / Үзөңгүгө тамандап, / Эки жеңин камчылап, / Көзүнүн жашы ыргылып, / Агып кетет тамчылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Сайрабай булбул тил катып, / Молдо торгой, сандыгач, / Сүйлөй албай буулукту, / Мурун кудай такшанып, / Күкүктүн баары күдүңдөп, / Көк асман бети бүрүлдөп, / Көрүнбөй көзгө күүгүмдөп, / Кээде олтуруп, кээде кооп, / Тели болгон жылкыдай, / Чакчелекей жүгүрөт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
…ш аркан тор менен, / Байланганда Кененим, / Таманы менен жер баспай, / Таркыла деп бакырып, / Желдеп турган Дабытай, / Кесилет деми суудай сууп, / Кеп айталбай буулугуп, / Керсары тартып өң кетип, / Заманасы куурулуп, / Буйрук берди аскерге, / Жааган күндөй коросон, / Кененимге куйулуп, / Чуркурашып, кужулдап, / Кара курттай к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Айжаңжүндүн баатыры, / Өзү манжу уругу, / Жоо сагынып буулугуу, / Малуна деген бар экен, / Өз алдынча зал экен, / Бет алган жакка чаң салган, / Белдүүнүн бири ал экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Буулугуп калган кыргыздар, / Карап булар турчубу? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →